Кыргыз-өзбек тараптын чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү талап коюу менен аяктады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселени тергөө иштери ушу кезге чейин аягына чыга элек.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунун Мамай айылында болгон Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин сүйлөшүүсү эки тараптын бири-бирине талап коюусу менен аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кербендеги Үңкүр-Тоого Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен келип конгон. Берилген маалыматта кыргызстандыктар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан кирип-чыгууга чектөө коюлду
Чек ара кызматынын Ала-Бука боюнча өкүлү подполковник Бакытбек Жангазиев башында турган кыргыз тарап коңшу өлкөлүк кесиптештеринен талаш аймакка келишинин себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылган. 

Өз кезегинде өзбек тарап буга чейин Кыргызстандын аймагында кармалган Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошотууну, Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алып салуу талабын айтты.

Буга чейин Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп тааныган протоколдун көчүрмөсү интернет булактарына таркаган. Аталган протокол 2015-жылдын 11-ноябры менен белгиленип, анда "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен-24" телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу" деген пункту көрсөтүлгөн.

Аталган маселе боюнча тергөө иштери бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0