Сокулукта электр чубалгылары оңдолуп чыкты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭлектр чубалыгын оңдоо иштери. Архив
Электр чубалыгын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган чубалгынын узундугу 12,4 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 23-август. — Sputnik. "Чүй облусунун Сокулук районундагы жогорку вольттуу "Александровка-Белогорка" электр чубалгысында оңдоо иштери жүрдү. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди. 

Маалыматта берилгендей, аталган чубалгынын узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Адистер темир-бетон тирөөчтөрдүн чоймолорун жөндөп сырдап, зымдарды, изоляторлорду жана чынжырлуу арматураны алмаштырышты. Мындан тышкары, электр чубалгысы жайгашкан жолдун боюндагы бактар тазаланып кыркылды. 

"Бул иштерге "Түндүкэлектр" 30 миң сомго жакын каражат сарптады", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан бир ай мурун адистер 10 чакырымдан ашуун узундуктагы 35 кВ "Ботбаев-Александровский" аба электр чубалгысын оңдоо иштерин соңуна чыгарышкан.

Көп жылдык графикке ылайык 35 киловольттуу электр чубалгыларын оңдоо иштери алты жылда бир жолу жүргүзүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0