Бишкектин окуучулары ден соолугуна FIFA программасы боюнча кам көрөт

Жазылуу
Шаардык мектеп окуучуларынын дене-боюн чыңоого багытталган программа биринчи ирет ишке ашырылганы турат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкектик окуучулар Футбол боюнча эл аралык федерациянын "Ден соолук үчүн FIFA 11" аттуу футболдук программасына катышат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Программада 11 сабак бар. Кыргызстан аталган программага баш баккан Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат.

"Мындай аракет мектеп жашындагы балдарды ден соолук, ага зыян келтирчү нерселер менен тааныштырып, терс таасирин көрсөтүүгө, алардан оолак болууга чакырууну көздөйт. Программанын алдында окуучунун өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөтүү максаты турат", — деп айтылат билдирүүдө.  

Азырынча аталган программа Бишкектин мектептери үчүн иштелип чыкса, кийинчерээк бүтүндөй өлкөгө жайылтуу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0