Кыргызстанда даярдалган 730 кг курутту Россияга өткөрбөй коюшту

Жазылуу
Казакстан аркылуу Россиянын аймагына киргизүүнү ниеттенгендер ветеринардык талаптарды аткарган эмес.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Казакстан аркылуу Россияга 730 килограмм курутту алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Алтай крайы боюнча айыл чарбаны көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июлунан тарта 19-августуна чейин казак-орус чек арасындагы "Кулунда" өткөрүү пункту аркылуу төрт жолу курут алып өтүүгө аракет кылгандар кармалган.

"Алынган куруттардын жалпы салмагы 730 килограммды түзөт. Төрт жолу тең ветеринардык текшерүүдөн өткөндүгү боюнча документи жок болуп чыккан. Бул ЕАЭБдин бирдиктүү көзөмөл боюнча жобосуна каршы келет. Аталган товар Кыргызстандан Казакстанга өткөрүлүп, андан ары Россияга киргизилмек", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган товарлар Россиянын аймагына киргизилбей, кайра артка кайтарылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0