Чек ара кызматы Өзбекстандан кармалган КР жарандарын бошотууну талап кылууда

Жазылуу
Өзбекстандык чек арачылар аталган жарандар атайын операциянын жүрүшүндө кармалганын, учурда алар Жаңы-Коргон РИИБинде экенин билдиришкен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын чек ара кызматы буга чейин өзбек аскерлери тарабынан кармалып кеткен төрт кыргызстандык жаранды бошотуу талабын коюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: экс-президенттер кыргыздын жерлерин коңшулардыкы деп тааныган фактылар бар
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындан кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган.

Бүгүн эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары Кербен шаарындагы телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адистерди кармап кетишкени тууралуу маалымат тараган. 

Өзбекстандык чек арачылар аталган жарандар атайын операциянын жүрүшүндө кармалганын, учурда алар Жаңы-Коргон РИИБинде экенин билдиришкен.

Ушу тапта КРдин Чек ара кызматы негизсиз кармалган кыргызстандыктарды бошотуу аракетин көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0