Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын уруксат кагаздары $100 болушуна нааразы

Жазылуу
Казакстан өткөн жылдын соңу менен жүк ташуу жаатында жаңы тартиптерди кабыл алып, уруксат кагаздарын чыгара баштаган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Эл аралык каттам менен оор жүк ташыган кыгызстандык айдоочулар Казакстан транзит үчүн 100 доллар алып жатканына нааразы. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев билдирди. 

Анын айтымында, Казакстан өткөн жылдын соңу менен жүк ташуу жаатында жаңы тартиптерди киргизген. 

"Бизде өлкөлөр аралык келишим бар. Ага ылайык, келишимге кошулган мамлекеттердин ичинде акысыз жүрө алабыз. Анткен менен Казакстан жаңы эрежелерди ойлоп таап, уруксат кагаздарын сатып жатат. Бир даанасы 50 доллар дегени менен чек арадан 100 доллардан сатып алабыз. Бул абдан кымбат", — деди Шабданалиев. 

Ал белгилегендей уруксат кагаздары бир жылга 700ү гана берилет. Бул жүк ташуучулар үчүн өтө эле аздык кылат. 

Кыргызстандын жүк ташуучулары буга чейин Жогорку Кеңешке, Транспорт жана жол министрлигине кат жолдоп, абалды жөнгө салууну өтүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0