"Автоледи-2016": машинаны зуулдата айдап, кара жоргону катыра бийлеген жеңүүчү

© Фото / Атыра БекмурзаеваБишкектик Ольга Сумина "Автоледи-2016" сынагынын жеңүүчүсү
Бишкектик Ольга Сумина Автоледи-2016 сынагынын жеңүүчүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоледи биринчи этапта "Кара жорго" бийин аткарып, лирикалык ыр саптарын окуп берди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкектик Ольга Сумина "Автоледи-2016" сынагынын жеңүүчүсү атыккандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул күзөт милициясынан кабарлашты.

24-август күнү жеңиш аянтында аялдар арасында унааны мыкты айдоо боюнча таймаш өттү. Анда үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар 22-35 жаш аралыгындагы 10 кыз-келиндер катышкан

© Фото / Атыра Бекмурзаева"Автоледи-2016" сынагынын катышуучулары
Конкурс на звание лучшей девушки-водителя Автоледи Бишкек — 2016 - Sputnik Кыргызстан
"Автоледи-2016" сынагынын катышуучулары

Иш-чаранын биринчи этабында катышуучулар өздөрү жана унаасы тууралуу айтып беришкен. Андан кийин жол эрежелери боюнча экзамен тапшырышкан. Үчүнчү этапта айдоочулукту иш жүзүндө көрсөтүшкөн. Ал эми акыркы төртүнчү этапта айдоочу кыз-келиндер өзгөчө кырдаал учурларында өздөрүн кандай алып жүрүшөөрү сыналган. 

Сынактын жеңүүчүсү катары Range Rover үлгүсүндөгү унаанын ээси Ольга Суммина атыкты. 

© Фото / Атыра БекмурзаеваОльга Сумина "Автоледи-2016" сынагынын жеңүүчүсү
Конкурс на звание лучшей девушки-водителя Автоледи Бишкек — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Ольга Сумина "Автоледи-2016" сынагынын жеңүүчүсү

Уюштуруучулардын айтымында, биринчи этапта Сумина "Кара жорго" бийин аткарып, лирикалык ыр саптарын окуду. Ал башка тапшырмаларды дагы мыкты аткарган.

Аалам айымы-2016 сынагына Кыргызстандын атынан катышкан 41 жаштагы Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
"Аалам айымы-2016". Өлкө намысын 41 жаштагы таене Наргиза Осмонова коргойт
Сумина катышуучулардын ичинен эң тажрыйбалуу айдоочу болуп чыкты. Ал 15 жылдан бери рулду башкарып келет. Архитектор-дизайнер болуп иштейт, өзүнүн бизнеси бар. Техникага кичинесин кызыккандыгын айтып берди. Кубаты күчтүү унааларга кызыгат. 

Жеңүүчүгө телевизор жана иш-чаранын демөөрчүлөрү тарабынан бир катар белектер ыйгарылды. 

Мындай сынак Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Былтыр да аны Кайгуул күзөт милициясы уюштурган.

Өткөн жылкы сынакта Toyota RAV-4 үлгүсүндөгү унаанын ээси Айсулуу Парманова жеңишке жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0