Асфальтталбаган Бакаев көчөсүнүн жашоочулары жолдун чаңына нааразы болууда

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Бакаев көчөсүндөгү автоунаа
Бишкек шаарындагы Бакаев көчөсүндөгү автоунаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурман мэрияга кайрылып, кырдаал боюнча бир пикир айтууну өтүнөт. Анткени жакынкы аралыкта асфальт төшөлүүчү 49 көчөнүн тизмесине Бакаев көчөсү кирген эмес.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Бакаев көчөсүнүн тургундары көчөдөгү чаңга нааразы болушууда. Бул тууралуу окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, Түштүк магистраль менен кесилишкен көчөгө асфальт төшөлбөгөндүктөн күн-түн дебей чаң сапырылып турат. 

Окурман мэрияга кайрылып, кырдаал боюнча бир пикир айтууну өтүнөт. Анткени жакынкы аралыкта асфальт төшөлүүчү 49 көчөнүн тизмесине Бакаев көчөсү кирбей калган. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0