ТИМ: Италиядагы зилзаладан КР жарандары жабыркаган эмес

© REUTERS / STRINGERИталиядагы жер титирөөнүн кесепети
Италиядагы жер титирөөнүн кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча бул алдын ала айтылган маалымат. Учурда тийиштүү органдар тактоо иштерин улантып жатышат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Италиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын болуп калуу мүмкүнчүлүгү аз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлиги КРдин Швейцариядагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди. 

Эске салсак, магнитудасы 6,0гө жеткен биринчи жер титирөө 24-август күнү таңкы саат 3.36да Аккумоли шаарына жакын жерде катталган. Магнитудасы 5,4кө жеткен экинчи силкинүү саат 4.34тө Умбрия облусунда болгон. Натыйжада Аккумоли менен Аматриче шаарлары кыйрап калган.

Табият кырсыгынан 247 адам каза болуп, 368 киши оор жаракат алган. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда элчилик Италиянын расмий бийлиги менен тыгыз байланышып, абалдан кабар алып турууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0