Көчмөндөр оюну жана КМШ саммити учурунда жарандардын куралы алынат

Жазылуу
Мындай кадам расмий делегациянын өкүлдөрү жайгашкан аймакта жашаган тургундарга гана тиешелүү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтө турган Көчмөндөр оюндары жана Бишкекте боло турган КМШ мамлекеттеринин саммити учурунда жарандардын ээлигиндеги курал-жарактар алынат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Президент выразил благодарность волонтерам Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна 53 өлкөдөн миң спортчу катышмакчы
Мындай чечим расмий делегациянын өкүлдөрү жайгашкан жана унаа колоннасы өтө турган жолго жакын аймакта жашаган тургундарга тиешелүү болот. 30-августтан 19-сентябрга чейин өкүм сүрө турган эрежеге ылайык, элде "травмат" деп да аталган курал-жарактын бардык түрү алынат. 

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюну 3-8-сентябрь, ал эми саммит 16-17-сентябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0