Үңкүр-Тоодогу кырдаал өзгөрүүсүз, маселе али чечиле элек

© AP Photo / Anvar Ilyasov, PoolӨзбек чек арачы. Архив
Өзбек чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев маселе жакынкы убакытта чечилерин айтты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу кырдаал өзгөрбөстөн турат, Өзбекстан аскерлери тарабынан кармалып кеткен кыргызстандык төрт жаран бошотула элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев билдирди.

Ункур-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: Өзбекстандын Үңкүр-Тоо боюнча позициясы түшүнүксүз болуп жатат
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан.Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган

24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Янги-Курган райондук милициясына алып барган. 

"Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча кыргызстандыктар бошотула элек. Жакынкы убакытта маселе чечилип калат, буюрса", — деди Алымбаев.

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын милиция кызматкерлери кете элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0