Кыргыздар өрттөнгөн Москвадагы кырсыктын чыгышына электр лампасы себеп болгон

© AFP / VASILY MAXIMOVӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитеттин өкүлү бул кырсык боюнча кылмыш иши козголгондугун кошумчалады.

БИШКЕК, 27-авг. – Sputnik. Тергөө комитети Москванын Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканасында өрт электр лапмасынын замдарынын кызып кеткенинен болгон деп билдирди. Бул туурасында РИА Новости Мамлекеттик тергөө комитетинин жетекчисинин жардамчысы Юлия Ивановага шилтеме берүү менен билдирди.

"Баштапкы версия катары электр лапмасынын зымдарынын кызып кетиши айтылууда. Бул продукцияларды жүктөп жана түшүргөн аймакта болгон", — деп билдирди комитет өкүлү.

Өрт кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шакиров: Москвадагы өрттөн каза болгондордун көбү кыз-келиндер болуп чыкты
Кырсыктан 16 киши каза болуп, үчөө оор абалда жатканы айтылууда.

Комитети өкүлү бул кырсык боюнча кылмыш иши козголгондугун кошумчалады.

Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында жалын чулгаган имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Жаракат алгандардын саны — үчөө. Ажал тапкандардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин калып кеткендиги айтылууда.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0