Меккеде КРден барган зыяратчыларга тамак-аш даярдаган ашкана текшерүүгө алынды

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган ашпозчу Махмудов Зияуддиндин зыратчыларга тамактар өз убагында жасалып жаткандыгын белгилейт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү кыргызстандык ажыларга тамак-аш даярдоочу "Санабел Аль Салам" ашканасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Атайын түзүлгөн комиссия ашкананын санитардык абалы, тамактарды даярдоо ыкмалары жана өз убагында мейманканаларга жеткирилүүсү, азык-түлүктөрдүн кечиктирилбей келиши боюнча кабар алышты.

"Кыргызстандан барган ашпозчу Махмудов Зияуддиндин айтымында, учурда ашканада ажылар үчүн даярдалып жаткан тамак-аштарга кетүүчү азык-түлүктөр өз учурунда алынат. Зыяратчылардын табитине жараша тамактар даярдалып, кечиктирилбей берилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет.

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0