Бишкекте жана Москвада эл каза болгон кыргызстандыктарды эскерип, аза күтөт

Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары кайдыгер карабагандарды каза болгондордун туугандарына колдоо көрсөтүү акциясына кошуулууга чакырды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Саат 12:00дө бүгүн Бишкектеги "Революциянын каармандары " монументинин алдына, Уркуя Салиеванын эстелигинде Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандыктарды эскерип, аза күтүү акциясы өтөт. Ишемби күнү Москванын түндүк-чыгыш тарабындагы ири өрт чыгып, андан кыргызстандык 15 жаран каза тапкан.

Аза күтүү акциясы туурасында Facebook социалдык тармагындагы баракчасына интернет колдонуучу Клара Сооронкулова жазды.

"Өлкөбүздө жумушсуздук күч алып, сырткы миграция күчөп турган кези. Көр оокаттын айынан Россиянын борбору Москва шаарында иштеп жүргөн жарандарыбыз тилсиз жоо болгон өрттөн каза тапты. Бул оор жоготууга баарыбыздын кабыргабыз кайышып, дүйнөбүз бөксөрүп турат. Бул кыргыз элинин кайгысы, кыргыз элинин жоготуусу. Мындай учурда каза болгон жарандарбыздын жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп көңүл айталы. 28-августта, саат 12.00до борбор калаабыз Бишкектеги Уркуя Салиева апабыздын эстелигинин алдында, аза күтүү акциясына чакырабыз! Бөдө кырсык кыргыз элинин башын бириктирет эмеспи. Кайгыда кайдыгер болбойлу! ", — деп айтылган кайрылууда.

Мындай эскерүү акциясын Москва шаарында трагедия болгон жерде өткөрүү пландалууда. Социалдык тармактын колдонуучулары башкаларды Алтуфьевск шоссесиндеги №5 үйгө, тагыраагы басмакананын кампасынын аймагына чогулууга чакырык ташташты. Аза күтүү акциясы Россияда да саат 12:00дө өтмөкчү.

Москвада болгон өрт кырсыгы боюнча түзүлгөн хронология менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0