Жээнбеков Москвада өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквада өрттөн каза болгондордун жакындары
Москвада өрттөн каза болгондордун жакындары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева башында турган топ каза болгондордун жакындарына жана туугандарына жардам берүү үчүн Москвага учуп кетет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, Москва шаарында өрттөн каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

Каза болгондордун тизмеси жазылган жерге шаардыктар келип гүл коюшууда - Sputnik Кыргызстан
"…биз силерди сактай албай калдык" Бишкекте Москвада каза болгондор эскерилүүдө
Эскерте кетсек, кечээ, 27-август күнү Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, андан Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Жабыркаган дагы үч киши оор абалда ооруканада жатат. 

Көз жумгандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жумшалуучу чыгымдын баарын кыргыз өкмөтү өзүнүн мойнуна алары белгилүү болду. Бүгүн вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева башында турган топ каза болгондордун жакындарына жана туугандарына жардам берүү үчүн Москвага учуп кетет.

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0