Туулган күнүң менен, Темир! Ырчы тууралуу 10 факты

© Фото / предоставлено Темиром НазаровымКыргыз эстрадасынын ырчысы Темир Назаров. Архив
Кыргыз эстрадасынын ырчысы Темир Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчылардын көч башында турган экс-кикбоксчу Темир Назаров бүгүн 30 жашта. Журналист Гүлдана Талантбекова ырчы тууралуу он эки фактыны сунуштайт.

Өнөрпоз 1986-жылы 28-августта Ош шаарында төрөлгөн. Ата-энесинин жалгыз уулу. Үй-бүлөсү чыгармачылыктан алыс адамдар болсо да Темир жаштайынан музыкага кызыккан. 

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күн кут болсун, Мирбек! Ырчы тууралуу 10 факты
Эки жашында карышкырдын этин жеген. Ошон үчүн мүнөзүндө карышкырдыкындай өжөрлүк, арылдап бир тийүү бар экенин ырчы жашырбайт.

Бизнесмен ырчы. Мектепти бүткөндөн кийин ата-энесинин каалоосу менен Ош Мамлекеттик универститетинин бизнес жана менеджент факультетине тапшырган. Бирок өжөр Темир бир жыл окугандан кийин кошумча ошол эле окуу жайдын искусство жана эстрада бөлүмүнө тапшырып алган. 

2004-жылы борборго келип, продюсер Канат Култаев менен иштеше баштаган. Алгач "Туулган жер" аталышындагы ыры жарык көрөөрү менен эл оозуна алынып, миңдеген күйөрмандарды топтой алган. 

Аша чапкан күйөрмандар. Темирди күйөрман кызы катуу жактырып калып, жигитин карабай коет. Ошондо ал жигит ырчыны айнеги караңгылатылган унаага салып, шаардын четине алып барып ал кыздан баш тартуусун суранган. Азыр ырчы "же ал кайсы кыз жөнүндө айтып жатканын билсемчи" деп жылмаюу менен эскерет.

Баса ырчы экс-кикбоксчу. Анын залакасынан мурдун коррекциялоо максатында эки жолу операция жасаткан. 

15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кылыч Эдик: "Көк бөрү" ырымды көчмөндөр оюндарында ырдасам дейм
08.08.08 Сыйкырдуу датаны белгилеп он жыл сүйлөшүп жүргөн классташы Мунара менен баш кошкон. Учурда жети жаштагы Аман аттуу кызы жана алты жаштагы Ырыскелди деген уулу бар. 

Журналист өнөрпоз. Ырчыны биздин кесиптеш десек да жаңылышпайбыз. Ал буга чейин ОшТВда жаштар редакциясын жетектеп келген. 

Учурда. 2016-жылдын башынан бери Темир Назаров чыгармачылыкка билек түрө киришип жаткан чагы. Негизи бул мырзаны мамлекеттик иш-чараларга байма-бай чакырышат. Жакында эле көчмөндөр оюнунун гимнин аткаруучуларынын катарын толуктады. Чыгармачылыктан тышкары жеке бизнеси бар.

Сыйлыктары. Түркияда өткөн эл аралык фестивалга эки ирет катышып, биринде лауреат аталса, экинчисинде алтын диск жеңип алган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0