Ак-Талаа: айылдаш жигит үйү жок төрт балалуу энеге там салып берди

© Фото / Кудайберген РуслановКурулган үйдүн салтанаттуу ачылышы
Курулган үйдүн салтанаттуу ачылышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда майып адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим-жесирге жардам иретинде үй тургузуп берген учурлар өзгөчө акыркы мезгилде көз кездеше баштады. Бүгүнкү каарман да төрт балалуу эненин алкоосуна татыган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 29 жаштагы Хамзат Таалайбек уулу аттуу мырза жеке демилгеси жана өз каражаты менен айылдагы төрт баласы бар Нурбарчын аттуу жалгыз бой энеге ак өргө салып, кечээ ачкычын тапшырды. 

© Фото / из архива Хамзат Таалайбек уулу Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 29 жаштагы жашоочусу Хамзат Таалайбек уулу
Постройка дома для многодетной семьи в селе Кара-Бургон Ак-Талинского р-на - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 29 жаштагы жашоочусу Хамзат Таалайбек уулу

Хамзат мырза шаардан айылга келген сайын Нурбарчын Дайыр кызынын балдарына азык-түлүк, кийим-кече алууга жардам кылып турарын айтып берди. Бул ирет ал айылга өзүнө үй салганы курулуш материалдарын даярдап алып барат. Анан адаттагыдай эле Нурбарчын эженин убактылуу жашап аткан үйүнө учурашканы кайрылат. Үйдүн абалын көргөн жигит өзүнө үй салууну экинчи планга жылдырат. 

— Айылга май айында баргам. Апам 2012-жылы кайтыш болуп кеткен. Атам мал карап сарайда жашайт. Өзүбүздүн үй деле үч бөлмөлүү эски үй болчу, жаңы үй тургузганы камынып жаткам. Нурбарчын эже бирөөнүн эски үйүндө убактылуу жашачу. Учурашканы барсам күн жаанчыл болуп, үйдөн суу өтүп, жууркандарынан өйдө суу болуп кеткенин көрүп абдан боорум ооруду. Анан мен али жашмын, үй салганга жетишем, андан көрө ушул жетим балдарды сүйүнтөйүнчү дедим. Үйдүн ичине евроремонт жасалды. Короо-жайын тосуп, дарбазасынын өйдө салып бердим, — деп айтып берди ал. 

Хамзат мырзанын айтымында, аталган үй-бүлөнүн ээси Доктурбек төрт жыл мурун оорудан каза болгон. Мектепке жаңы бара баштаган улуу баласы менен андан кийинки үч чүрпөсүн бооруна кыскан Нурбарчын өлбөстүн күнү көрүп келген. Энеси менен балдарынын сүйүнүчүн көргөн Хамзат мырза өзү да абдан толкунданганын айтат.

— Кубанычтан мен эмес, айыл эли көзүнө жаш алды. Нурбарчын эже "өмүр бою ыраазымын" дегенден башка сөз айталбай кучактап атканда, кубанычы койнуна батпай мени тегеренип секирип жүргөн балдарын көргөндө өзүмө ыраазы болдум, — деди ал. 

Бир үй-бүлөнү бактыга бөлөгөн Хамзат тамга деген жерди айыл өкмөтү кыска убакыттын ичинде бөлүп бергенин белгилейт. Курулуш материалдары даяр болгондуктан, үйдү тургузуу акысына усталарга 5 тай бермек болгон.

© Фото / Кудайберген РуслановАк-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 29 жаштагы Хамзат Таалайбек уулу аттуу мырза жеке демилгеси жана өз каражаты менен айылдагы төрт баласы бар Нурбарчын аттуу жалгыз бой энеге ак өргө салып, кечээ ачкычын тапшырды
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 29 жаштагы Хамзат Таалайбек уулу аттуу мырза жеке демилгеси жана өз каражаты менен айылдагы төрт баласы бар Нурбарчын аттуу жалгыз бой энеге ак өргө салып, кечээ ачкычын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 29 жаштагы Хамзат Таалайбек уулу аттуу мырза жеке демилгеси жана өз каражаты менен айылдагы төрт баласы бар Нурбарчын аттуу жалгыз бой энеге ак өргө салып, кечээ ачкычын тапшырды
© Фото / Кудайберген РуслановХамзат мырза шаардан айылга келген сайын Нурбарчын Дайыр кызынын балдарына азык-түлүк, кийим-кече алууга жардам кылып турарын айтып берди.
Хамзат мырза шаардан айылга келген сайын Нурбарчын Дайыр кызынын балдарына азык-түлүк, кийим-кече алууга жардам кылып турарын айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Хамзат мырза шаардан айылга келген сайын Нурбарчын Дайыр кызынын балдарына азык-түлүк, кийим-кече алууга жардам кылып турарын айтып берди.
1/2
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 29 жаштагы Хамзат Таалайбек уулу аттуу мырза жеке демилгеси жана өз каражаты менен айылдагы төрт баласы бар Нурбарчын аттуу жалгыз бой энеге ак өргө салып, кечээ ачкычын тапшырды
2/2
Хамзат мырза шаардан айылга келген сайын Нурбарчын Дайыр кызынын балдарына азык-түлүк, кийим-кече алууга жардам кылып турарын айтып берди.

— Алты жыл мурун акча топтоп 10 жылкы алып койгом. Көбөйүп, азыр, кудайга шүгүр, минтип эл керегине да тийип жатат. Азыр малым канча экенин билбейм, атам менен жээним карайт. Өзүм Бишкекте Мадина базарында кездеме сатып, 30 миң сом айлык алып иштейм", — деди Хамзат Таалайбек уулу. 

Эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиева ага салынган үйдүн жанында - Sputnik Кыргызстан
10 жылдык. Бүтүрүүчүлөр Таласта эки балалуу майып аялга үй салып беришти
Хамзат учурда дагы бир жакшы иш менен алектенип жатканын, айылдын кире беришинен жер сатып алып, парк салып жатканын айтты. Азыр тосмосу салынып бүткөн эс алуучу жайдын ичин аттракциондорго толтуруу ниети бар. Ошондо бир эле үй-бүлөнүн үч-төрт баласын гана сүйүнтпөстөн, айылымдын бүт жаш балдарын кубантам, дейт кайрымдуу жигит. 

Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Абдымалик Сулайманов ак өргөнүн ачылышына барып лентасын кескенин айтып, мындай кайрымдуулук иштер буга чейин да жасап келгенин белгиледи. 

— Хамзат бизге кайрылгандан кийин Нурбарчынга жер бөлүп берип, светин тарттырып бердик. Биздин райондо багар-көрөрү жокторго үй салып берип жардам көрсөтүү кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы кубандырат. Буга чейин мындай кайрымдуу иштерди балдар уюшуп алып, ашар жолу менен жасап келишкен. Бул жолкуда Хамзат баарын өзү жалгыз көтөрдү. Анын деле балалыгы оор шартта өтүп, учурда шаарда жашап, иштейт экен. Атасы жашап жаткан үй деле илгерки замандагы үй. Өзүн ойлобой өңгөнү ойлогон мындай баланы айыл эли абдан алкады. Үйдүн ачылыш аземине дагы эки коюн союп, палоосунан өйдө бастырып келиптир, — деди Сулайманов.

Эскерте кетсек, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында мектепти 20 жыл мурда бүтүп кеткендер чогулуп, айылдагы эки балалуу жалгыз бой энеге үй тургузуп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0