Үңкүр-Тоодогу абал: бир жуманын ичинде эч нерсе өзгөргөн жок

© flickr.com / a.dombrowskiЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн дүйшөмбүдө Өзбекстан чек арадагы талаштуу Үңкүр-Тоо аймагына укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөткөн. Андан соң Кыргызстандын телемунарасынын кызматкерлери кармалган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу кырдаал өзгөрүүсүз турат, кармалган кыргызстандыктар кое бериле элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

"Чек ара жана кармалган жарандар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодон дале кетише элек", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан милициясынын 4 кыргыз жаранын кармап кетиши боюнча кылмыш иши козголду
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган. 24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Яңги-Курган райондук милициясына алып барган.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаш аймагындагы Үңкүр-Тоодогу абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0