БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык композитор Совхозбек Айткеев Москвада болгон өрт кырсыгынын курмандыктарына арнап аза музыкасын жаратты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Кыргызстандык жарандардын өмүрүн алган өрт кырсыгы ишемби күнү Москвадагы басмаканада болгон. Мындан улам бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү жарыяланды.
Маданият министрлиги маркумдардын жакындары менен туугандарына көңүл айтат.