Ислам Каримовдун кызы: атамдын мээсине кан куюлуп, реанимацияда жатат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Каримовду колдоп, анын ден соолугу жакшы болуп кетишине дуба кылгандарга өтө ыраазы болорун айтты.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаева атасынынын мээсине кан куюлуп, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Аны менен кошо эле президенттин үй-бүлөсүн кечке талкууга ала бербөө өтүнүчү менен элге кайрылды.

"Биздин үй-бүлөдө кайгылуу окуя болуп, атамдын (Ислам Каримов – ред.) мээсине кан куюлуп, кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Абалын дарыгерлер туруктуу деп айтып жатышат. Учурда абалды алдын ала болжолдоп, эч нерсе айта албайбыз, буга али эрте. Андыктан элге ар кандай сөздөрдү айтуудан алыс болуп, биздин үй-бүлөнү кечке талкууга ала бербөөнү суранып кайрылат элем", — деп жазган Тиллаева.

Кызы Каримовду колдоп, анын ден соолугу жакшы болуп кетишине дуба кылгандарга өтө ыраазы болорун кошумчалаган. 

Канбийкелер келе жатат: Борбор Азия президенттеринин кыздары такка отурабы…
Кечээ Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканада дарылануудан өтүп жатканын өкмөткө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыккан. 

Лола Тиллаева Өзбек президентинин экинчи кызы.

Жылдын башында өзбек маалымат каражаттары Каримовдун комага түшүп калганын жазып чыгышкан. Өлкө башчы Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын съездине катышуусу менен айтылган сөздөрдүн чындыкка коошпой турганын ачыкка чыгарган. Ал эми имиштерге караганда ал эки ирет комага түшүп, инфаркт оорусуна чалдыккан. 

Эскерте кетсек, Каримов быйыл 78 жаштын тамагын ичип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0