Мамдирекция: Эгемендүүлүк майрамынын программасы өзгөргөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгемендүүлүк майрамын белгилөө. Архив
Эгемендүүлүк майрамын белгилөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары үч күн аза күтүп, майрамдык иш-чараларды токтотууну сунушташкан.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган майрамдык иш-чаралардын программасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө - Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктер эгемендүүлүктүн 25 жылдык тарыхын журналисттин көзү менен көрө алат
Эскерте кетсек, 27-август күнү бир эле маалда эки ири кырсык болгон. Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 14 кыргызстандык жаран каза болсо, Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 9 киши көз жумган. 29-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Социалдык тармактын пайдалануучулары аза күтүү күнүн үч күнгө узартууну сунуштаса, айрымдары эгемендүүлүккө арналган майрамдык иш-чараларды токтотууну талап кылышкан.

Дирекциянын айтымында, 31-августка белгиленген расмий иш-чаралардын баары өтөт. Программа өзгөргөн эмес. Аза күнүнөн кийин эртең даярдыктар уланат. Президент менен өкмөт аппаратынан бул тууралуу эч кандай буйрук түшкөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0