Сотрудники МЧС КР выгружают тела погибших кыргызстанок в пожаре в Москве доставленные спецрейсом

Москвадагы өрттөн каза болгондордун төртөөнүн сөөгүн салган учак Бишкекке конду

3919
(жаңыланган 01:01 30.08.2016)
Буга чейин атайын борт Ош эл аралык аэропортуна келип, ал жерден 10 жарандын сөөгү туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москвадагы өрттөн каза болгон төрт кыз-келиндин сөөгүн алып келген учак "Манас" эл аралык аба майданына келип конду. 

  • Москвадагы өрттөн каза болгон төрт кыз-келиндин сөөгүн алып келген учак Манас эл аралык аба майданына келип конду
    Москвадагы өрттөн каза болгон төрт кыз-келиндин сөөгүн алып келген учак "Манас" эл аралык аба майданына келип конду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Буга чейин атайын борт Ош эл аралык аэропортуна келип конуп, ал жерден 10 жарандын сөөгү туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген
    Буга чейин атайын борт Ош эл аралык аэропортуна келип конуп, ал жерден 10 жарандын сөөгү туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Маркумдар кичи мекендерине ӨКМдин техникасы менен жеткирилет
    Маркумдар кичи мекендерине ӨКМдин техникасы менен жеткирилет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Учак менен Москвадан КРдин вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ИИМ менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү келди.
    Учак менен Москвадан КРдин вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ИИМ менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Маркумдар салынган учакты президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогоку Кеңештин депутаттары тосуп алды.
    Маркумдар салынган учакты президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогоку Кеңештин депутаттары тосуп алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Москвадагы өрттөн каза болгон төрт кыз-келиндин сөөгүн алып келген учак "Манас" эл аралык аба майданына келип конду

Буга чейин атайын борт Ош эл аралык аэропортуна келип конуп, ал жерден 10 жарандын сөөгү туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Маркумдар кичи мекендерине ӨКМдин техникасы менен жеткирилет. Учак менен Москвадан КРдин вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ИИМ менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү келди.

Маркумдар салынган учакты президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогоку Кеңештин депутаттары тосуп алды. 

Эскерте кетсек, 27-август күнү шаардын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты. Дагы үчөө оор абалда ооруканада жатат. Бүгүн бул трагедияга байланыштуу 29-август Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган.

3919
Белгилер:
Москва, өрт, сөөк, аба майданы, 'Манас' эл аралык аэропорту
Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
Тема боюнча
Москвадан кыз-келиндердин сөөгүн алып келген учак Оштогу аба майданга конду
Мигранттар өлүмү: жумушсуздукту жоюу боюнча депутаттардын убадасы
ЖК төрагасы Москвада өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн. сом бөлөт
Арашан айылындагы парламенттик шайлоодо жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо участкасында иштеп жаткан учуру

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

173
(жаңыланган 13:41 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

173
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
Адамдар пляжга барышат. Архив

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

28
(жаңыланган 12:46 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

28
Белгилер:
глобалдык жылуулук, илимпоз, изилдөө, адам, келбет
Тема боюнча
Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Мамлекеттик кызматкер. Архив

Кадр кызматынын директорунун орун басарлары иштен кетти

0
Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинскийди иштен бошотуу боюнча буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Эки орун басар тең "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (өз каалоосу менен) иштен кетти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Мамлекеттик кадр кызматы, орун басар, буйрук
Тема боюнча
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды