Улуттук китепканага 101 китеп белекке берилди

Жазылуу
Китептерде орус жана дүйнөлүк классиктер менен заманбап жазуучулардын чыгармалары камтылган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага 101 китеп белекке берилди. Бул тууралуу китепкананын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мындай белекти КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматташуу фонду тапшырды. 

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстафета: үлпөт тойдун ордуна жаш жубайлар 100 бейтапка китеп тапшырат
Китептерде орус жана дүйнөлүк классиктер менен заманбап жазуучулардын чыгармалары камтылган. 

Мындан тышкары, китепкананын фонду Уильям Шекспир, Даниэль Дефо, Конфуций, Гете жана башка чет элдик классиктердин чыгармалары камтылган китептер менен толукталды. 

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик тилинин сөздүгү CD диск катары тапшырылды. 

Белекке берилген китептер 2015-2016-жылдары орус тилинде басылып чыгып, жогорку сапаты менен айырмаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0