Аксылык Барчын апа: баламды өзбекстандыктар алып кеткенден бери түн уйкум жок

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери. Архив
Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз жылдан бери Кербен телемунарасында иштеген Нурбек Усупбаевдин эки баласы бар. Биринчи класска бара турган баласы "атам кайда" деп күнүгө сурайт.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандын милициясы тарабынан кармалган Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери үйлөрүнө кайтыша элек. 

24-август күнү телемунарада иштеген кыргызстандык төрт адис Янги-Курган райондук милициясына алып барылган. Аксы районунун акими Медет Айдаралиев кармалган төрт жарандын экөө Ош облусу, бирөө Сузак районунун, дагы бири Кербен шаарынын тургуну экенин билдирди.

© Фото / Нурийла УсупбаеваТелемунарада тогуз жылдан бери иштеп келген Нурбек Усупбаевдин апасы Барчын Усупбаева
Мать одного из задержанных милиционерами Узбекистана Барчын Усупбаева - Sputnik Кыргызстан
Телемунарада тогуз жылдан бери иштеп келген Нурбек Усупбаевдин апасы Барчын Усупбаева

Sputnik Кыргызстан агенттиги телемунарада тогуз жылдан бери иштеп келген Нурбек Усупбаевдин апасы Барчын Усупбаева менен байланышып, ал-абалын сураганда кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты. 

"Баламды ойлоп түн уйкумдан айрылганымды сурабагыла. Кан басымым көтөрүлүп жатат", — деген Барчын апа бир сыйра ыйлап алды. 

Анын айтымында, баласынын өзбектер тарабынан кармалып кеткенин кечке жуук кайнагасынан уккан. 

"Баламды кайтарып бергиле деген сураныч менен акимге, милицияга кайрылдым. Алар "чоңдор келсин, ошолор сүйлөшөт, сабыр кылып туруңуз" дешти", — дейт эне. 

Барчын апа 50 жашта. Жолдошу каза болуп калган. Эки уул, эки кызы бар. Нурбек үйдүн эң улуусу жана багуучусу. 19 жаштагы кичүү уулу үйлөнө элек. Карындаштары күнүгө апасына телефон чалып байкесин сурап ыйлашат. 

Үнкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы тирешүү. Үңкүр-Тоого десанттын келишинин аркасында эмне бар
"Нурбектин эки баласы бар. Бири сегиз айлык, экинчиси быйыл 1-класска барат. Үйгө эл келген сайын "чоң апа атам кайда? Бул адамдар эмнеге келип жатышат. Эмне үчүн ыйлай бересиз" деп сурай берет. Бирок небереме окуяны айта элекпиз", — дейт Барчын апа. 

Ал мындай кырдаалдын жаралышына кимди күнөөлөрүн билбей турганын айтып ыйламсырады. 

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0