Кыргызстан — Казакстан футболдук беттеши учурунда борбордук көчөлөр тосулат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол жабылуу белгиси. Архив
Жол жабылуу белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболдук беттеш саат 20:00до Дөлөн Өмүрзаков стадионунда башталат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешине эки саат калганда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициядан билдиришти. 

Беттеш саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. 

"Мындан улам Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Исановдон Логвиненко көчөсүнө чейин жабылат", — деп айтылат маалыматта. 

Жол саат 18:00дөн тартып тосулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0