Guardian: жан кечти Кытай элчилигин атайылап бутага алган

© REUTERS / Vladimir PirogovКыргызстандагы Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин. Архив
Кыргызстандагы Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа ичиндеги террорчу-жан кечти Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, андан соң өзүн өзү жардырып жиберген. Британиялык басылма согушкерлердин мындай аракети Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жасалып келгенин белгилейт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте бүгүн болуп өткөн терактынын жоопкерчилиги Кытай саясатына активдүү каршылык көрсөтүп келген этникалык уйгурларга жүктөлөт. Бул тууралуу британиялык The Guardian басылмасы жазып чыкты. 

Шейшемби күнү эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинин аймагында жардыруу болду. Террорчу-жан кечти өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп барып, өзүн-өзү жардырып жиберген. Элчиликтин бакчасында иштеген үч кыргызстандык жабырлануучунун абалы учурда туруктуу деп бааланууда. 

"Кыргызстанда этникалык жамааттардын саны арбын, биринчи кезекте терактыга уйгур сепаратисттери шектелет", — дейт Лондондогу Коргонуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн биргелешкен институттун коопсуздук боюнча эл аралык иликтөөлөр борборунун жетекчиси Рафаелло Пантуччи.

Анын айтымында, жан кечти атайылап Кытай элчилигин бутага алган. 

"Элчиликтин шаардын борборунда эмес чет жакасында жайгашканы террорчуга жакшы жардам берген", — деп белгилеген эксперт.

Муну менен катар эле ал Кытайдын саясатына каршы, сепаратизм жана экстремизм актылары Борбордук Азияда биринчи ирет жасалып жаткандыгын айткан. Мындай тенденция тилекке каршы, ааламда улам өсүп бара жатат.

Следственно-оперативная группа, у дипломатического представительство Китая в Бишкеке, на территории которого произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica. - Sputnik Кыргызстан
Жардыруудан жабыркаган Станиславдын энеси: уулум элчиликке жумушка жаңы эле кирген
Былтыр августта кытайлык туристтердин сүйүктүү жайы болгон Бангкоктун Erawan Shrine деп аталган туристтик аймагында жарылуу болгон. Мотоциклге жармаштырылган бомба 27 адамдын өмүрүн алып, муну полиция теракт деп атаган. 

"Бангкоктогу жана Бишкектеги чабуулду алалычы. Эгерде элчиликтеги жардыруу уйгур сепаратисттери тарабынан жасалганы бекемделсе, анда кооптуулук күчөйт", — деп айткан Пантуччи.

Guardian басылмасы эксперттин айткандарын жыйынтыктап, жаралган кооптуулук эми өлкөнүн сыртындагы Кытайды да түйшөлтөрүн айтты.

Кытай элчилигиндеги болгон теракттын хронологиясын Sputnik Кыргызстан маалыматынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0