Меккедеги кыргызстандык зыяратчылар менен КР муфтийи жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык зыяратчылардын акыркылары 29-августта учуп кетишкен.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында ажылык амалдарын өтөп жүргөн зыяратчылар менен жолугуп, алардан кабар алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Токтомушев ыйык Мекке шаарындагы аткарылып жаткан диний жөрөлгөлөр боюнча баяндама жасады. 

"Муфтий ажылык сапар машакат экендигин айтып, сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле Меккедеги ажылык амалдарын аткарып жүргөн жаштарды кайрымдуу болууга чакырып, аксакалдарга кызмат кылып, аларды урматтоону айтты", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылардын Мекке шаарына ажылыкка баруусу үчүн 3685 орун бөлүнгөн. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы 2600 долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0