Путин: Россия менен Кыргызстандын өз ара мамилеси бекемделерине ишенем

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Архив
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти өз куттуктоосунда достукка жана өз ара урматташууга таянган орус-кыргыз мамилелердин бийик деңгээлин белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда Путин эбактан берки салт болуп калган достукка жана өз ара урматташууга таянган орус-кыргыз мамилелердин бийик деңгээлин белгилеген.

"Ар кыл чөйрөдөгү кызматташтык активдүү өнүгүүдө. ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында күн тартибиндеги регионалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча биздин аракеттер өз жемишин берүүдө", — деп айтылат телеграммада.

Путин өз куттуктоосунда Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштар мындан ары да бекемеделе берерине ишеним артып, кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Бишкекте өтө турган кызыктуу иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0