Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү кантип майрамдалууда. Тексттик трансляция

790
(жаңыланган 14:48 31.08.2016)

Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилеп жатат. 1991-жылы 31-августта Кыргызстан өзүн суверендүү мамлекет деп жарыялаган. Борбордук Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтүп, аскердик парад да болду.

Бишкекте өтө турган кызыктуу иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыз>>

Жаңы билдирүү
  • 11:40
    Военная техника на военном параде в честь 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • 11:35

    Баткен шаарында дагы майрамдык иш-чаралар өтүүдө

    Ярмарка в честь празднования 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене
    © Фото / Улан Маккамбаев
    Ярмарка в честь празднования 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене
    © Фото / Улан Маккамбаев
    Ярмарка в честь празднования 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене
    © Фото / Улан Маккамбаев
    Арбуз с логотипом на ярмарке в честь празднования 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • 11:11

    Тексттик трансляция аяктады

    Жалпы Кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.


  • 11:09

    Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган аскердик парад аяктады

    Атамбаев аскер жетекчилери менен кол алышып учурашып, аянттан шаар тургундарына кол булгалап узады. Шаар тургундарын эми майрамдык иш-чаралар күтөт.

  • 11:05

    КР куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрүнүн тик учактары Ала-Тоо аянтына кирип келди.

    Вертолеты военных сил КР на репетиции военного парада, посвященного 25-летию независимости Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:58

    Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясы да Ала-Тоо аянтындагы аскердик параддан өтүп жатат

    Аянтка чогулган эл аларды суктануу менен карашууда. Аскердик техникалар музыканын коштоосунда өтүүдө.

    Солдаты Национальный гвардии на праздновании 25-летии независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:53

    Кыргызстандын аскердик техникалары борбордук аянттан өтүп жатат. Алардын катарында УАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар. Абадан коргонуу күчтөрүнүн техникалары  С 125 жана С 75 ракеткалык комплекстери бар.

  • 10:49

    Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзү учурунда экс-президент Роза Отунбаева сахнадан кетип калды. Атамбаев өз сөзүндө убактылуу өкмөттүн ишине сын айтып, азыр бир нече кишиден турган топ баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы болуп жатканын айткан эле.

    Президент Алмазбек Атамбаев выступает на праздновании 25-летии независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:46

    Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына борбордук аянтта учурда аскердик колонна өтүүдө.

  • 10:45

    Президент куттуктоо сөзүн аяктады

    Учурда Ала-Тоо аянтында аскердик жүрүш башталды.

  • 10:44

    Президент: Азыр өлкө канга толсун деген мүдөөнү көздөгөн саясатчылар бар

    Мындай канкорлордун колуна элди салып беребизди, жок биз андайга жол бербейбиз. Эл мындай бузукуларга экинчи алданбайт. Бул бузукулар итке окшоп үрүп-үрүп тим болот. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн карапайым эл өзү көрүп турат.

  • 10:41

    Атамбаев: баш мыйзамга керектүү болгон түзөтүүлөрдү киргизиш керек

    Азыр "грантаеттер" менен жазмакерлер, сасык саясатчылар, жана Атамбаев таарынткан атка минерлер өзгөртүү киргизүү каршы болуп жатат. Биз баш мыйзамга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Бузуку саясатчыларды ээрчип бузулуп, бөлүнбөйлү.

  • 10:37

    Атамбаев: эл текелерди ээрчий турган кой эмес да, эми эл аларды ээрчип алданбайт. Элди койдой ээрчитип кетем деген саясатчыларга айтарым, тымызын иштериңер кийин чыгат. Кыргыздын элин, байлыгын ким сатканы эми ачылып жатат. Банк ячейкаларын уурдагандар, мародерлордун бети ачылат.

  • 10:34
    Жаңы салып жаткан үйүн улуттук колоритте жасалгалаган

    Ат-Башынын тургуну үйүн Кыргызстандын туусу менен жасалгалады

    Айыл жашоочусу үйүн заманбап стилде жасалгалап, кыргыздын оюу-чиймелери менен желекти түшүрдү.
    Дагы
  • 10:33

    Президент: бийликти тапшыргандан кийин мен премьер, же спикер болуп иштейин деген оюм жок.

  • 10:19

    Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында болууда. Учурда президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат. Бишкекте аба ырайы ачык.

  • 10:18

    Атамбаев: Ата мекен мага эмне берет деп отурбай, мен ата мекен үчүн эмне кылып берем деп ойлонуш керек.

  • 10:17

    Атамбаев: Кыргызстан өз жолун тапты

    Атамбаев: Кыргызстан өз жолун тапты, көз карандысыз маалымат каражаттары, абдан күчтүү жарандык коом түзүлдү. Алар бийликти туш тараптан көзөмөлдөп, аткаминерлердин туура эмес аракеттерин ашкерелеп жатат. Бул биздин эң чоң жетишкендигибиз. Бизде күчтүү жарандык коом түзүлдү.

    Президент Алмазбек Атамбаев выступает на праздновании 25-летии независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:13

    Атамбаев: Кыргыздар азапка чыдайт, жокчулукка чыдайт, бирок акыйкатсыздыкка чыдабайт. Акыйткаттык үчүн алар өлүмгө дагы даяр экенин 7-апрелде болгон окуяда тастыктады. Бар болгун кыргыз элим!

  • 10:10

    Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатат. Атамбаев ата-бабабыз карыш жер үчүн баскынчылар менен кармашканын айтты.

  • 10:08

    КР куралдуу күчтөрүнүн башчысы Райимберди Дүйшөмбиев аскерлерди эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатат. Жооп иретинде алар "Ура!" деп кыйкырууда. Мунун баары майрамдык музыка менен коштолууда.

  • 10:04

    Ала-Тоо аянтына мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, экс-президент Роза Отунбаева, шаар мэри Албек Ибраимов жана башкалар келди.

    Президент Алмазбек Атамбаев выступает на праздновании 25-летии независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:03

    Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленүүдө

    Урматтуу замандаштар Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналып болуп жаткан майрамдык иш-чарадан түз алып берип турабыз. Дагы бир жолу Эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун.

790
Белгилер:
эгемендүүлүк, аскердик парад, майрам, куттуктоо, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Бишкек
Тема:
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө (43)
Тема боюнча
Милиция Эгемендүүлүк күнүндө коомдук тартипти сактоого даяр
Парад, салют жана ат оюндары: Эгемендүүлүк күнүн кайдан майрамдаса болот
Эгемендүүлүк күнү болчу концертке 10 млн. сом жумшалат