Король, падыша, император, президенттер. Кыргызстанды дүйнө жүзү куттуктап жатат

Жазылуу
Мамлекет башчылары Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө тилектеш экенин билдиришти.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен кыргыз элин дүйнөнүн бир катар өлкө башчылары Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлашты.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө тилектеш экенин айтуу менен ар дайым колдоого даяр экендиктерин билдиришкен.

Куттукттоо каттары Россия, Германия, АКШ, Польша, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Түркмөнстан, Мексика, Сауд Аравия, Бельгия, Корея, Индия, Алжир, Улуу Британия, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкө башчыларынан келип түштү.

Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган иш-чараны Sputnik Кыргызстандын тексттик транслациясынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0