Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке

Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө Азимжан Аскаровдун иши да себепкер экенин айтты

299
(жаңыланган 15:20 01.09.2016)
Аскаровдун бомбасы жарылгандан кийин Баш мыйзамды жакшылап карасак, андай мина толтура экен деген пикирин билдирди мамлекет башчысы

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамында "Ала-Тоо" аянтындагы салтанатта куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткан президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө бир себеп — түрмөдө отурган Азимжан Аскаров боюнча чечим экендигин айтты.

"БУУнун 18 кишиден турган комитети эгемендүү Кыргызстандын Жогорку сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимин жокко чыгарып салды. Анан юристтер, эксперттер менен чогуу бул маселени карасак, биз мындай укукту чет элдик уюмдарга өзүбүз берип салыппыз. Баш мыйзамда, 41-беренеде жазылып турат", — деди Атамбаев.

Президент БУУнун комитетинин Аскаров боюнча чечими чыкканча Баш мыйзамга 2020-жылга чейин тийбеш керек деген пикирде болгонун, бирок, жогорку жагдайдан кийин маселесе башка жакка өңүт алганын айтты.

"Керек болсо, өткөн жылы Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбековдор Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөргөндө, аларга кое туралы деп кат жазгам. Бирок Аскаровдун "бомбасы" жарылгандан кийин Баш мыйзамды жакшылап карасак, андай "мина" толтура экен. Ошондуктан, тез арада референдум өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүш керек", — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган иш-чараны Sputnik Кыргызстандын тексттик транслациясынан окуңуз>>

299
Белгилер:
Азимжан Аскаров, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
БУУ комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды (42)
Тема боюнча
Атамбаев: Баш мыйзам тууралуу айтылып жаткан кине негизсиз
Пикирлер