Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылды

Эгемендик: Ала-Букада жети дубандан келген жуптар түндүк көтөрүштү

81
(жаңыланган 21:12 31.08.2016)
Майрамдык иш-чаранын алкагында жети облустун боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылып, түндүк көтөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын орун басары Калчабүбү Үсөнбаева билдирди. 

  • Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылып, түндүк көтөрүлдү.
    Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылып, түндүк көтөрүлдү.
    © Sputnik
  • Майрамдык иш-чаранын алкагында жети облустун боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.
    Майрамдык иш-чаранын алкагында жети облустун боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.
    © Sputnik
  • Мындан тышкары, Үсөнбаева атчандардын жүрүшү болуп майрам мыкты деңгээлде өтүп жатканын кошумчалады.
    Свадьба семи пар в день 25-летия независимости Кыргызстана в Ала-Буке
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Ала-Бука районунда эгемендик күнүнө карата жети облустан жети жуп чакырылып, түндүк көтөрүлдү.

Анын айтымында, майрамдык иш-чарага баш кошууга аттанып жаткан жуптар чакырылган. 

"Райондун түндүгүн жакын арада түтүн булата турган жети облустун жуптары көтөрүштү. Аларга каалоо-тилектер айтылып, бата берилди. Ошондой эле райондук администрация тарабынан белектер ыйгарылды. Ырым кылып жети облус элинин ынтымагын бекемдөө максатында ушундай жөрөлгөнү жасадык", — деп билдирди Үсөнбаева. 

Майрамдык иш-чаранын алкагында жети облустун боз үйлөрү тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Мындан тышкары, Үсөнбаева атчандардын жүрүшү болуп майрам мыкты деңгээлде өтүп жатканын кошумчалады. 

Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган иш-чараны Sputnik Кыргызстандын тексттик транслациясынан окуңуз>>

81
Белгилер:
түндүк, Боз үй, Ала-Бука
Тема боюнча
Сапка тизилген жоокерлер жана аскер техникасы: Ала-Тоо аянтындагы майрамдан сүртүмдөр
Эгемендүүлүк майрамы — аскер техникасы жана мыкты маанай
Пикирлер