Көчмөндөр оюну уюлдук телефондогу программасы. Архив

Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына билеттер сатылып бүттү

49
(жаңыланган 16:02 31.08.2016)
Азыркы учурда Оюндардын жабылыш аземине кирүү билеттери сатылууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине кирүү билеттери сатылып бүттү. Бул тууралуу ДКО катчылыгы билдирди. 

Ири эл аралык иш-чара Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт. 

Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат. 

Азыркы учурда Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кирүү билеттери сатылууда.

Жабылыш аземине катышууну каалаган жарандар билеттерди Бишкекте (Киев көчөсү 114, Токтогул көчөсү 247, Абдрахманов көчөсү 6, Чүй проспектиси 96), Ош шаарында (Ленин көчөсү 320) жана Чолпон-Атада (Совет көчөсү, 122) жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнөн сатып алууга болот.

Мындан тышкары, билеттерди "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016" уюлдук тиркемеси аркылуу алууга да болот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

49
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, билет, оюн
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Көчмөндөр оюнуна 53 өлкөдөн миң спортчу катышмакчы
Жээнбеков жол курулушун жана Көчмөндөр оюнуна даярдыкты текшерүү үчүн Көлгө кетти
Көчмөндөр оюну жана КМШ саммити учурунда жарандардын куралы алынат
Пикирлер