АКШнын мамкатчысы Жон Керри Кыргызстанды Орто Азиядагы демократия лидери атады

© Sputnik / Эркин АлымбековАКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик катчы Кыргызстанды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, 25 жылдан бери стабилдүү өнүгүп жаткан Кыргызстан башкаларга үлгү экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанды "Орто Азиядагы демократия лидери" атады. 

Мамлекеттик катчы Кыргызстанды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, 25 жылдан бери стабилдүү өнүгүп жаткан Кыргызстан башкаларга үлгү экенин айтты. 

"Демократиянын баалуулуктарын сактоодо АКШ менен Кыргызстандын окшоштуктары арбын. Кыргыз Республикасы Орто Азиядагы демократия лидери", — деди Керри. 

Ал АКШ алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныганын баса белгилеп, ортодогу достук бекем экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0