Мальчик смотрит праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана

Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт учунда жоголгон балдардын баары табылды

76
(жаңыланган 23:36 31.08.2016)
Табылган балдардын баары ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт учунда жоголгон балдардын баары табылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин 21 бала жоголуп, алардын 17си гана табылган. 

"Жалпысынан жоголгон балдардын саны 25ке жеткен. Алар эки жаштан 14 жашка чейинки балдар. Учурда баары табылып, ата-энелерине берилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган балдарды табууда мэрия жана милиция кызматкерлери керекке жараган. 

76
Белгилер:
жоголгон балдар, концерт, Ала-Тоо аянты, бала, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Бишкек
Тема:
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө (43)
Тема боюнча
Көз жоосун алган майрамдык салют
Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт учурунда 21 бала жоголуп, 17си табылды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков майрамдык салтанатка катышты
Пикирлер