Өрттөн 14 кыргыз кызы каза болгон басмакана 4 жылдан бери текшерилген эмес

© AFP / VASILY MAXIMOVМосква шаарындагы өрт чыккан басмакана
Москва шаарындагы өрт чыккан басмакана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган басмакана акыркы ирет өрткө каршы кызматы тарабынан 2012-жылы текшерилген.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы өрт чыккан басмакана төрт жылдан бери текшерүүгө алынган эмес. Бул тууралуу Россиянын Башкы прокуратурасы расмий сайтына жарыялады. 

27-август күнү Москва шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты. Дагы үчөө оор абалда ооруканада жатат.

Ал эми каза болгондордун сөөгү кечээ, 30-август күнү мекенине жеткирилди. 

"Өрткө каршы кызматы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасын акыркы жолу 2012-жылдын август айында текшерүүгө алгандыгы, андан бери бир дагы жолу текшерүү болбогондугу аныкталды", — деп айтылат маалыматта. 

Акыркы рейс. Бишкекке жеткирилген маркумдар. Жашка толгон каректер - Sputnik Кыргызстан
Акыркы рейс. Бишкекке жеткирилген маркумдар. Жашка толгон каректер
Мындан сырткары, басмакананын арендаторлору эки миң чарчы метрге 11 мыйзамсыз имаратты өз алдынча куруп алгандыгы белгилүү болгон.

Ал эми каза болгондордун экөөсүнүн гана документтери талапка жооп берсе, калган 12синин каттоодон өтүү боюнча документтери мыйзамсыз экендиги аныкталган. 

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0