ИИМ: Эгемендүүлүк майрамы тынч өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники правоохранительных органов и зрители на праздничном концерте на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
Сотрудники правоохранительных органов и зрители на праздничном концерте на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери 31-август күнү республикада абал туруктуу болгонун билдиришти.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнү майрамдык иш-чаралар эч кандай коогалаңсыз өткөнүн ИИМ билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектеги тартипке 4 миңден ашуун милиция кызматкери көз салып турду.

"Атайылаштырылган кызматтар коомдук-саясий абалды тыкыр иликтеп чыгып, тартип бузуу менен кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүштү", — деп билдирди министрлик.

Эгемендүүлүк күнү өлкөдө абал туруктуу болуп, эл көп чогулган жерде эч кандай чукул кырдаал байкалган жок, дешти милиционерлер.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшүн бул жактан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0