Кытайдан келген кербен терактыга карабастан Көчмөндөр оюнуна катышат

© Фото / Ярослав МальцевКараван с верблюдами и лошадьми, вышедший из Пекина в Бишкеке
Караван с верблюдами и лошадьми, вышедший из Пекина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият менен достук кербени Кырчында өтө турган этнофестивалга катышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытай элчилигиндеги жардырууга карабастан Пекинден келген маданият жана достук кербени II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен кабарлашты. 

Кытайдан келген маданият жана шериктештик кербенин Кыргызстанда коштогон жоокерлер - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан келген кербенди кыргыз жоокерлери коштоп жүрөт
Шейшемби күнү эртең менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жардыруу болду. Жанкечти унаасы менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, андан чоң өзүн-өзү жардырып жиберген. Мындан Кыргызстандын үч жараны жабыркап, алардын бирөө жеңил жаракат алгандыктан ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми калган экөө Бишкектеги илимий изилдөөчү травмотологиялык жана ортопедиялык борборунда дарыланып жатат. 

"Кытай элчилигинде болгон окуяга карабастан Маданият жана достук кербени Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуудан баш тартпайт", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда кербен Кырчын жайлоосунда фестивалга карата көрүлгөн даярдык иштерине катышып жатат. 

Ат жана төөлөр менен коштолгон кербен 2014-жылы Пекинден чыккан. Алар Улуу Жибек жолун багындырууну көздөп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0