Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай

© Фото / Юрий ЛугвинЮрий Лугвин. Архив
Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы 14 кыз-келиндин өмүрүн алган өрт кырсыгында жабыркагандарды жөнөкөй жарандар сактоого аракет кылышты. Алардын бири — Юрий Лугвин. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул баатыр жигитти таап, окуянын кандай болгонун билип көрдү.

Юрий Лугвин 24 жашта. Басмаканада чыккан өрттөн ал эки кызды куткарып калган. Катардагы эле жаран Кыргызстан менен Россия үчүн кантип баатыр болгонун жана аны эмнеге эки жүздүүлүккө айыптаганы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

— Өрт тууралуу кантип билдиңиз?

Өрт кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: мекендешибиз ишке кечигип келип, ажалдан аман калган
— Балконго чыксам эле ары жактан бир нерсе күйгөн сыяктуу болуп, кара түтүн чыгып жатыптыр. Бул мен жашаган жерден эки чакырымдай алыс болчу. Дароо жетип бардым. Башында түтүн турак үйдөн чыгып жатат го деп ойлогом. Бирок ал басмаканадан чыгып жатыптыр. Күйүп жаткан имараттын айланасында эл көп чогулуптур. Арасында куткаруучулар, катардагы жарандар жана имараттан эптеп чыгып кетүүгө үлгүргөндөр жүргөнүн көрдүм.

— Башкача айтканда сиз күйүп жаткан имаратка кирип кеттиңизби?
— Мен жана бир канча киши өрт өчүрүүчүлөрдүн шатысын алып үчүнчү кабатка чейин чыктык. Бир бала кызды шымынан кармап тартып жаткан. Бирок кыз түшүп кетип, башы менен чатырга тийгенде эсин жоготуп койду. Биз аны көтөрүп барып өрт өчүрүүчүлөргө бердик.

— Иске ууланып калбаш үчүн силерге бет кап же башка шаймандарды беришти беле?
— Жоо-ок. Мен бетимди футболка менен ороп алдым. 

— Өзүм жабыркап калам деп ойлогон жоксузбу? Эч кандай коргонуучу каражатыңыз жок экен…

— Башымда түтүн менен өрттүн ичинен кишилерди таап чыгыш керек деген ой турду. Биз барган кабатта темир эшик коюлуп, бир канча жерине кулпу салыныптыр. Эшиктерди каккылап ачканга аракет кылдык. Анын ичинде да бирөөлөр жүргөн. Мен алардын эшикти каккылап жатканын даана угуп турдум. Дем алуу улам кыйындап бара жатты. Эшикти талкалап ачуу үчүн колубузда темир же балка сыяктуу бир да каражат жок болчу… Анын ичинде калгандар кишилер же өрт өчүрүүчүлөр экенин так билген жокмун.

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Москвадагы өрттө элди сактагандарды сыйлоо тапшырмасын берди
Тазараак абадан дем алайын деп терезе жакка бардым. Ал жактан эсин жоготуп жаткан кызды көрдүм. Анын колу жана башы терезеден салаңдап калыптыр. Аны үстүнөн бир нерсе басып калган окшойт, тартып чыгара албай койдум. Ошол учурда ал тирүү беле же думугуп калганын билген жокмун. Жүрөк кагып жатабы же жокпу, текшерүү андай учурда ойго келбейт экен. Кийин мага өрт өчүрүүчүлөр кошулду. Кызга беткап кийгиздик, мени болсо сыртка чыгарышты. Жалпысы түтүн уюлгуган имараттын ичинде бир сааттай жүрдүм окшойт, шайым ооп чарчап да калдым.

— Өрттүн кучагында калган кишилерди куткарууга жардам берген башка балдар эмне болду?
— Алар мага өз адамдардай эле сезилди. Тилекке каршы, алар менен таанышууга убакыт болгон жок. Мен бир сааттан кийин ал жактан кеттим, аларды көргөнүм жок. Кийин 17 киши каза болгонун уктум…

— Сизди президент Алмазбек Атамбаев сыйлыйын деп жатат. Бишкекке келүүгө даярсызбы?
— Кыргызстандын президенти издеп жатат деген жаңылыкты окуганда аябай таң калдым. Мен өзүмдү баатырдык иш жасадым деп деле эсептебейм. Болгону мен ошол учурда болгон окуяга кайдыгер караган жокмун. Азыр менде каржы жагынан бардыгы ойдогудай эмес. Балким, кийинчерээк Кыргызстанга келип кетермин. Азырынча барганга менде мүмкүнчүлүк жок. 

© Фото / Юрий ЛугвинЮрий Лугвин 24 жашта. Басмаканада чыккан өрттөн ал эки кызды куткарып калган.
Россиянин Юрий Лугвин, спасший во время пожара в типографии двух девушек - Sputnik Кыргызстан
Юрий Лугвин 24 жашта. Басмаканада чыккан өрттөн ал эки кызды куткарып калган.

— Сиздин баатырдык аракеттериңизди айланаңыздагылар кандай кабыл алды?
— Мен басмаканага "элдик баатыр" болуу үчүн чуркап барды деп жазгандары да болду. Көптөгөн ыплас сөздөрдү да жазышты.

— Интернетте мигранттарга керектүү куткаруу иштери жасалбаганы боюнча видеолор жүрөт… Сиздин буга оюңуз кандай?

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Аба майданга конгон учак кыз-келиндерди сөөгүн алып келди. Жүрөк үшүткөн табыттар
— Эгер өрттөнгөн имаратта жергиликтүү адамдар, россиялыктар болгондо куткаруучулар башкача аракеттерди көрмөк деп айта албайм. Алар колунан келген бардык аракеттерди жасады. Башка түшкөн мындай балээлүү күндө улут менен дин болбойт. Бул жакта чет жактан келгендер россиялыктардын жумушун тартып алууда деп жаман көргөндөй мамиле кылышат. Азыр мен дагы жумуш издеп, ишке орношо албай жүрөм. Буга башкалар күнөөлүү деген ойдун өзү туура эмес. Азыр иш табуу бардык эле жерде кыйын да.

Москвадагы басмаканада чыккан өрттүн хронологиясын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0