ТИМ: терактыдан улам Кытайга виза убактылуу берилбейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кайрылган жарандар үчүн документтер Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук кызмат департаментинен берилет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Кытайга баруу үчүн виза берүү убактылуу токтотулгандыгы тууралуу КР ТИМнин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Министрликтин берген маалыматына караганда виза берүүнү убактылуу токтотуу чечими жакында болгон терактыга байланыштуу чыккан. 

"Болгон окуяны эске алуу менен КР ТИМи Кытайдын Консулдук бөлүмүнө жардам көрсөтөт. Буга чейин виза алуу үчүн кайрылган кыргызстандыктардын паспорттору КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти тарабынан берилет", — деп айтылат маалыматта. 

Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы видеокамерага түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы видеокамерага түшүп калган
КР ТИМ алдындагы Консулдук кызмат департаменти Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо,10А дарегинде жайгашкан (Токтогул көчөсү менен кесилишет). 

Байланыш телефону — 66-32-50 (кошумча номери 110).

Тышкы иштер министрлиги Кытай элчилиги менен ар качан байланышта болуп өзгөрүүлөр тууралуу маалымдап турат. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.

Кытай элчилигиндеги жарылуунун чоо-жайын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0