Кайгуул милициясы: салык төлөгөндүгү тууралуу жабыштыргычы жок болсо айып салынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн транспорт үчүн салык төлөөнүн мөөнөтү аяктады.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Салык төлөгөндүгү тууралуу жабыштыргычы жок айдоочуга айып салынбай турганын Кайгуул милициясынын башкармалыгынын жетекчиси Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери былтыркыга караганда 10 млрд. сомго ашык салык чогултулду
Бейшемби күнү саат 18.00дө транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктады. Буга чейин мамлекеттик салык кызматы жабыштыргычты машинанын маңдайкы терезесине чаптоо милдеттүү экенин айткан.

Сатыбалдиев салыкты төлөгөндүгү тууралуу жабыштыргыч жок болсо, айдоочуга айып салынбай турганын, бирок рейд учурунда ал текшерүүгө негиз бере турчу шарттардын бири болуп каларын кошумчалады.

"Эгер квитанция жок болсо, 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат", — деп айтышты мекемеден.

Буга чейин Кайгуул кызматынан жол эрежесине ылайык салык төлөнгөнүн тастыктаган квитанция милдеттүү документтердин катарына кирерин билдирген.

Мында өз убагында төлөнбөгөн салык үчүн 2 миң сом көлөмүндөгү айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0