Курулушу бүтпөгөн мектептер, 8 чакырым жолду басып окуган окуучулар

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМектепке бараткан окуучулар. Архив
Мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт быйыл 90 жаңы мектеп курулганын билдирген, анткен менен бардык маселелер чечилген жок. Бир катар айылдарда он жылдап курулуп бүтпөгөн мектептер турат. Окуучулар башка имараттарда окуусун улантып, же башка айылдагы мектептерге барып окууга аргасыз.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 1-сентябрда өлкө боюнча 2218 мектепте коңгуроо кагылып, окуучулар үчүн эшигин ачты. Биринчи класска 100 миң окуучу барды.

Ак бантик жана жайнаган көздөр — Бишкектеги билим күнү - Sputnik Кыргызстан
Ак бантик жана жайнаган көздөр — Бишкектеги билим күнү
Бирок Билим күнү бүгүн бардык жерде эле майрамдалган жок. Арасында бир нече жыл мурун курула баштаган мектептер бар. Ал жакта коңгуроо кагылмак турсун окуучулар окуй турган класстын дагы орду жок.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйыл 90 жаңы мектеп курулганын айтты. Ал эми 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөнүн Билим берүү министрлиги билдирди. Ошентсе да курулушу мындан ондогон жыл мурда башталган мектептердин тагдыры чечилбей келүүдө.

Келип-кеткен окуучулар

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча 2001-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Кыштак айылында 360 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу башталган. 

"Бирок 2007-жылы каржылоо токтоп, мектептин дубалы гана тургузулган. Окуучулар коңшу айылга барып окууга мажбур болгондуктан бул мектептин курулушу абдан маанилүү болчу. Алар сегиз чакырым аралыкка чейин барып келип окушат", — дейт Масы айыл аймагынын башчысы Махмуд Маматов. 

Кызыл-Кыштак айылы дал ушул айыл аймакка карайт.

Мектептин салынышын саргара күткөн окуучулар

"1-класстан 6-класска чейин Кочкор-Атада окудум. Азыр Масы айылында окуп жатам. Бизге жаңы мектеп курушмак, ошону күтүп жатабыз. Кышында коңшу айылга барып окуу бир топ эле кыйынчылык жаратат", — дейт окуучу Бактынур Акрамова.

Чырпыктан себет жасап ата-энесине жардам берген бужумдук окуучулар
Ата-энелер дагы мектептин курулушун күтүп жатышат. Мисалы Айжаңыл Акматованын баласы 7-класста окуйт. Ал ушуну менен үчүнчү мектебинде окуп жатат.

"Мектептин курулуш иштери бүтсө балдарыбыз үчүн абдан жакшы болмок. Себеби балдардын мектепке жетүүсү абдан оор. Айрыкча көпүрөдөн өтүп жатканда суу болуп, ооруп, сабактан калып жатышат", — деп билдирди Акматова. 

Округдун айыл башчысы Маматовдун айтымына караганда өткөн жылы донорлордун жардамы менен балдарды мектепке ташуучу микроавтобус алынган. 

"Баары бир бул көйгөйдү жоюунун жолу эмес. Мектептин курулуш иштерин бүткөрүү үчүн кошумча 7,5 миллион сом керектелет. Биз бир нече жолу өкмөт менен Финансы министрлигине кайрылдык. Жакында эле Кыргызстандагы уюмдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) долбоор жазып 1,5 миллион сом утуп алганбыз. Эми жергиликтүү бюджеттен дагы эки миллион сом бөлгөнү жатабыз. Ушул каражатка жыл акырына чейин мектептин дубалын бүтүрүп, чатырын жабабыз", — деп ишенимдүү айтты Маматов. 

Жергиликтүү бийликтин башчысы бул мектеп курулуп бүткөрүлүүгө тийиш болгон өкмөттүн тизмесине киргендигин кошумчалады. 

"Бирок быйыл кезек жеткен жок. Эмдиги жылы мектеп толугу менен бүткөрүлөрүнө үмүт артып турабыз", — деп кошумчалады Маматов. 

Көптөн күткөн мектеп

Сузак районуна караштуу Масадан айылынын тургундары 1986-жылдан бери жаңы мектептин бүтүшүн күтүп келет. Аталган мектеп 610 орунга ылайыкталган. 

Айыл өкмөт башчысы Кыдырали Иманов аталган мектептин курулушу СССРдин урашы менен токтогонун, андан бери ашар жолу менен үстү жабылганын айтты. 

"Учурда мектептин 80 пайызы даяр болуп калды. Канча ирет аракет кылганыбыз менен мамлекет тарабынан курулуучу мектептердин катарына кошулбай келет. Алгач мектеп үч тилде сабак берип, ага кошуна айылдын окуучулары да келип билим алуусу пландалган. Учурда Масадан айылынын 400 окуучусу эски мектепте жана бала бакчанын имаратында окуп жатышат. Орун аз болгондуктан балдар 2-3 сменде билим алышууда", — деди Иманов. 

Ал жаңы мектеп курулса окуучулар кенен сабак окуп, ал эми балдар бакчанын имараты бошоп кала турганын айтты. 

Мындан сырткары, айыл өкмөтү аталган мектепти жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп кеткендигин, ошолор маселени чечип берерине үмүт кылып жаткандыгын кошумчалады.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жообу

Баткендин Бужум айылындагы окуучулар 4 чакырым жөө басып билим алышат
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматында өлкөдө көп жылдан бери курулуп, бүтпөй келе жаткан 10 мектеп бар. Аларды жарымы бүткөнү турат. Аталган агенттик калган бешөөнүн курулушун улантуу үчүн каражат издөө аракетинде. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов тизмени Билим берүү жана илим министрлиги түзө турганын, ал эми алардын ведомствосу аткаруучулук милдетти гана аркалай тургандыгын айтты. Директор объектилер жакын арада бүтөт деп эсептейт.

"Башталган курулуштарды аягына чыгаруу керек. Эгерде каражат салынса, алар пайдаланылбай жатпашы керек. Мектеп жетпей жаткандыктан, өкмөт бүтпөй жаткан курулуштарды аягына чыгаруу ниетинде. Балдар ыңгайлуу шартта билим алууга тийиш", — деди Мамбетов.

Агенттиктин жетекчилиги акыркы жылдары өлкөдө мектептер көп курулуп жаткандыгын, акыркы жылдары эле 20-30 объект тургузулгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0