ЦУМ жетекчилиги фонтанга коюлган эстелик атты минип алгандар боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук универсалдык дүкөндүн (ЦУМ) администрациясы фонтанга коюлган жез аттар
Борбордук универсалдык дүкөндүн (ЦУМ) администрациясы фонтанга коюлган жез аттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда чоң эле киши жаңыланган фонтанга коюлган атты минип алган сүрөт тарады.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Борбордук универсалдык дүкөндүн (ЦУМ) администрациясы фонтанга коюлган жез аттарды минип, сууга түшүү боюнча фактыларга мындан ары жол бербей турганын дүкөндүн башкы директору Михаил Михин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

​Буга чейин социалдык тармактарда чоң эле киши жаңыланган фонтанга коюлган жез атты минип алган сүрөт тарап кеткен. Ошондой эле фонтанга түшүп жаткан балдардын сүрөттөрү дагы чыккан.

"Мунун баары 31-августта болду. Борбордук аянттагы майрамдан кийин эл фонтанга келген. Мас болуп калган кишилер аттарды минишиптир. Башында биздин коопсуздук кызматы баарын тескөөгө жетише алган жок. Мындай баш аламандык 40 мүнөттөй созулду. Андан кийин коопсуздук кызматы кишилердин баарын суудан алып чыкты", — деди Михин.

Ал ошондой эле мындан кийин мындай бейбаштыкка жол берилбей турганын кошумчалап, бүгүн фонтанга түшүүгө болбой турганын эскерткен такталар коюларын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0