Кыргызстан менен Казакстан Интернет баасын түшүрүү боюнча сүйлөшөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПланшет колдонуп жаткан адам. Архив
Планшет колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов бул жолугушуудан эч майнап чыкпайт деген ойдо.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ата мекендик интернет-компаниялардын жетекчилиги менен биргеликте Астанадан казакстандык кесиптештерге жолугуп, Кыргызстан үчүн интернеттин баасын төмөндөтүү жаатында сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов билдирди.

Анын айтымында, аталган жолугушууну "Акнет" компаниясынын башчысы Руслан Абдумажитов демилгелеп жатат.

"Башкы маселе — интернеттин транзити үчүн бааны төмөндөтүү. Мындан тышкары, кыргызстандык делегация түзүлгөн кырдаалга карата Казакстандын монополияга каршы күрөшүү мекемесинин аракети тууралуу маалымат алууга кызыкдар", — деди Абасканов.

Бирок ал бул жолугушуудан майнап чыгарына көзү жетпей турганын кошумчалады.

"Акнет" компаниясынын башчысы Руслан Абдумажитов Казакстандын антимонополдук органы менен сүйлөшүү аяктамайынча кырдаалга комментарий берүүдөн баш тартты. 

Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Болсунбек Казаков казак кесиптештери менен жолугуу үчүн аталган агенттиктин бөлүм башчысы Павел Ли кеткенин айтты.

"Кыргызстандык делегациянын курамындагы башка мүчөлөр тууралуу маалыматым жок. Азыр иликтөөлөр гана жүрүп жаткандыктан жолугушуунун жыйынтыгы кандай болорун так айтуу кыйын", — дейт Казаков.

Интернет кабелин оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин кымбатташы. Жообу жок суроолор…
Август айынын башында интернет-операторлор транзиттин баасы кымбаттай турганы боюнча билдирүүнү казакстандык интернет-жеткирүүчүлөрдөн алышкан. Бир нече убакыттан кийин Кыргызстандагы бардык байланыш операторлору тышкы каналдардын кымбатташынан улам баанын кымбатташы мүмкүндүгүн өз сайттарында маалымдашкан.

Ал арада Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттиги өлкөнүн байланыш операторлор ассоциациясына бул маселени чечүүдө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылышкан. Сөз интернет транзити үчүн тарифтердин эки эсе кымбатташына байланыштуу болгон. Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин директору Казаков Sputnik Кыргызстан агенттигине Евразиялык экономикалык комитетке казакстандык операторлордун аракетине укуктук жактан карап берүү боюнча расмий кайрылганын билдирди. Ошондой эле казакстандык кесиптештерине иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0