Футболдон кийин кыргыздар менен казактар мушташты

Жазылуу
Мушташка 13 кыргызстандык менен 13 казакстандык болуп жалпысынан 26 киши катышкан. Алар бир мүнөткө жетпеген убакыт мушташкан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын беттешинен кийин эки команданын күйөрмандары Бишкектин борборунда тобу менен мушташкан. Балдардын мушташы интернетке жарыяланып кеткен.

Атын атагысы келбеген мушташтын катышуучусу окуя кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

"Бул футболдун айынан болгон күйөрмандардын биринчи мушташы. Биз Кыргызстанда Ультрас-кыймылын уюштурдук. Бул кыргыз футбол клубдарынын күйөрмандары. Биз Кыргызстанга келген Казакстандын "Кайрат" клубунун фанаттары менен беттештен кийин жолугууну сунуштадык. Бирок кол, бут менен гана мушташып, укук коргоо органдарына кайрылбайбыз деген шарт койгонбуз", — дейт ал.

Атын атагысы келбеген жаран Шопоков көчөсүндөгү Жеңиш паркынын жанында болгон мушташтан эч ким оор жаракат албаганын кошумчалады. Жалпысынан мушташка эки тараптан тең 13төн бала катышкан.

Жеңиш, сүрөөн, кубаныч — күйөрмандар КР футболчуларынын ийгилигин майрамдашты - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш, сүрөөн, кубаныч — күйөрмандар КР футболчуларынын ийгилигин майрамдашты
"Тилекке каршы биз, "Кайраттын" күйөрмандарынан утулуп калдык. Бул биринчи тажрыйба болчу да. Казакстан мындай "жолугушууларды" акыркы беш жылдан бери уюштуруп келет. Алар тажрыйбалуу болгондуктан утуп кетти. Мушташтан кийин алар менен кайта достоштук. Бул нормалдуу эле көрүнүш", — дейт мушташтын катышуучусу.

Ал ошондой эле мушташ учурунда бир казакстандык эсин жоготконун айтты. Алган соккусунан бир кыргызстандык да эсин жоготту. Мушташтын бир дагы катышуучусун милиция кармаган эмес.

"Мен милициянын борбордук бөлүктө болбогонуна таң калдым. Биз үчүн жакшы болду. Ошентсе да милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан да. Стадиондон анча алыс эмес жерде, болгону 40 секунддай мушташтык", — деди ал.

Шаардык милиция борбор калаанын ортосунда массалык мушташ болгонун тастыктай алган жок. Тез жардам кызматынан да футболдун айынан мушташып жаракат алып, жардам сурап кайрылгандар болбогонун билдирди.

"Ультрас" кыймылы — командаларды колдоо үчүн күйөрмандардан түзүлгөн топ. Алар Европа менен Латын Америкасында кеңири тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0