Активисттер Үңкүр-Тоо маселесин создуктурбай тез аранын ичинде чечүүгө чакырууда

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашылбаган аймактагы абал жана ал жакта Өзбекстандын милиционерлеринин турушу эки жумадан бери актуалдуу тема бойдон калууда. Активисттер өкмөттөн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранып жатышат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Жарандык көзөмөл комитети" уюмунун активисттери Үңкүр-Тоонун аймагындагы абалды создуктурбай тез аранын ичинде чечүүнү суранышууда. Аталган уюм ачык кайрылуу жолдоду.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ башчысы Абдылдаев Өзбекстандан кыргыз жарандарын бошотууну талап кылды
22-августта макулдашылбаган аймакка Өзбекстандын тик учагы укук коргоо органдарынын жети кызматкери менен келип конгон. Телемунарада иштеген кыргызстандыктар кармалган. Алар азыркыга чейин Янги-Курган РИИБинде жатышат. 2-сентябрда өзбек милиционерлеринин саны 20 кишиге чейин көбөйгөн.

Активисттер жергиликтүү эл өзүм билемдик аракеттерге барбаш үчүн өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин, кармалып кеткен төрт кишини бошотуу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканы боюнча ЖМК аркылуу тез арада билдирүүсү зарылдыгын белгилешүүдө.

"Айрым саясатчылар тезинен абалды тезинен жөнгө салуу керек десе, кээси аскердик аракеттерге чейин баруу зарылдыгын айтууда. ЖМКлар жергиликтүү тургундар өздөрү топ түзүп, төрт жаранды бошотуу боюнча даярданууда деген маалыматтар чыгып жатат. Бийликти жана саясатчыларды түзүлгөн кырдаалдын айланасында кескин сөздөрдү айтып агрессияга берилбөөгө чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0