Сооронбай Жээнбеков Каримовдун тажиясына катышат

Жазылуу
Өкмөт башчы баштаган кыргыз делегациясы ишемби күнү кошуна өлкөгө сапар алат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ислам Каримовдун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Белгилей кетсек, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 78 жашында көз жумган. Аны менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрь күнү кичи мекени Самарканд шаарында болот.

"Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы ишемби күнү Ислам Каримовдун акыркы сапарга узатуу иш-чарасына катышат", — деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кичи мекени Самарканд шаарында 3-сентябрь күнү болот. Иш-чараны уюштуруучу комитетин Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев жетектейт.

Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күн аза күтүү болот. 

Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримовдун тарыхый сүрөттөрүн төмөнкү материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0