Кыргызстандын президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Жазылуу
Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов 78 жашында көз жумду.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримовага көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салган. 

"Ислам Абдуганиевичтин акыркы сапарга узагандыгы тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ислам Абдуганиевич өлкөсү үчүн ак дилден кызмат өтөп, бир гана Өзбекстандын эмес, кошуна Кыргызстандын да келечегин ойлоп келген. Урматтуу Татьяна Акбаровна, кыргыз эли жана жеке өзүм кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат кайрылууда.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-сентярь күнү Самарканд шаарында болот.

Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримовдун тарыхый сүрөттөрүн төмөнкү материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0