Көчмөндөр оюндары башталгандан бери 10 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ысык-Көл облусундагы бардык ооруканалар менен дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталгандан бери 10 кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, сегиз киши стационардык ооруканага жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: Казакстан көк бөрү боюнча өз тайпасында алдыда келе жатат
Белгилей кетсек, 3-сентябрда Ысык-Көлдө Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, ал 8-сентябрга чейин уланат. 62 мамлекеттен келген спортчулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Чолпон-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын директору Альмира Алдашеванын айтымында рентген кабинеттер, лаборатория күнү-түнү иштеп, хирургдар нөөмөттө турушат. Ошондой эле терапевт, гинеколог жана реаниматологдор да күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

"Ысык-Көл аймактык ооруканасында 90 орун бар. Көчмөндөр оюндарына карата кошумча 20 орун коюлган. Учурда Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын дарыгерлери толугу менен даяр. Керектүү дары-дармек менен камсыздалган. Ар бир топтогу кан дагы даярдалган. Кан менен камсыздоодо маселе жок", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кырчын жайлоосунда болгон иш-чарада бир катышуучу чычаңын сындырып алып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0