Кырчын: 17-кылымдагы кумган жана 12 адамдык таш табак. Баткен ордосу

© Sputnik / Исмаил МамытовII Всемирые играх кочевников
II Всемирые играх кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда жети облус өз-өзүнчө ордо тигип, туристтерди тосуп алууда.

КЫРЧЫН, 5-сен. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

© Sputnik / Исмаил МамытовБаткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди
Баткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Баткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди
© Sputnik / Исмаил МамытовЭске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда
Эске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Эске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда
© Sputnik / Исмаил МамытовАнда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат
Анда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Анда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат
© Sputnik / Исмаил МамытовЛейлектен келген жыгач уста Саламат Ратымбердиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан идиш-аяктарды жасап келген.
Лейлектен келген жыгач уста Саламат Ратымбердиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан идиш-аяктарды жасап келген. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Лейлектен келген жыгач уста Саламат Ратымбердиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан идиш-аяктарды жасап келген.
1/4
Баткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди
2/4
Эске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда
3/4
Анда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат
4/4
Лейлектен келген жыгач уста Саламат Ратымбердиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан идиш-аяктарды жасап келген.

Эске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда. Анда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат.

"Көчмөндөр оюндарына деп Сүлүктү шаарынан 17-кылымга таандык идиш-аяк, ата-бабаларыбыз колдонгон буюмдарды жана көйнөктөрдү алып келгенбиз. Мындан сырткары, курак туш кийиздер да бар. Көпчүлүк конокторду 17-кылымга таандык кумган кызыктырууда. Ал эми чоподон жасалган кумурага үч кылым болду", — деди Уулбүбү апа.

Улуттук ансамбль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: Чолпон-Атада 3 күнгө созулчу этно концерт башталды
Лейлектен келген жыгач уста Саламат Ратымбердиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан идиш-аяктарды жасап келген.

"Көп жылдан бери устачылык менен алектенем. Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык идиш-аяк жасап келдим. Туристтер сатып алышууда",— деди Ратымбердиев.

Ал эми Кадамжайдан келген Кыздаркан Кожоева 12 адамдык эң чоң таш табак алып келген. 

"Биз Көчмөндөр оюндарына Кадамжайдан 12 адамдык таш табак жасап келдик. Мындан сырткары, табак, кесе, пиаланын түрлөрү бар. Учурда туристтер таш табактарды көп сатып алууда. Буларды уулдарым өз колдору менен жасашкан", — деди Кожоева. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0